Бүгүн, 4-февралда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевге жаңы үйдүн ачкычын тапшырды.
Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдолук кызматты аркалап келет. Ал өз жерине турак жай курууну баштаган, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнөн улам курулуш иштери толук бүткөрүлбөй калган.
Айыл тургундарынын кайрылуусунан кийин бул маселени УКМК төрагасы жеке көзөмөлүнө алып, үйдүн курулушу толук аяктап, жашоого ылайыктуу абалга келтирилди. Бүгүн жаңы үйдүн ачкычы ээсине тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аксакалдары молдого көрсөтүлгөн колдоо үчүн Ташиевге ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.