7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Баткендеги стадиондун курулушун тездетүүнү талап кылды

150

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы 10 миң кишилик стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, подрядчыга жана тийиштүү кызмат адамдарына жеринде тапшырмалар берилди.

Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү жай болуп жатканын сынга алып, иштерди тездетүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүүгө жана инфратүзүмун жакшыртууга мамлекеттен 10 млрд сом бөлүнгөн. Анын 1 млрд сому стадиондун курулушуна каралган. Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары 3 машыгуу оюн талааларын жана 4 кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.

Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат. Ошондой эле футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат. Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.

Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт. Бул аракеттер КР президентинин «2024 2034-жылдарга Кыргызстанда футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашууда.

151