УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн диагнозун билген соң, эл үчүн көп иштерди аткарып жетишүү керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
«Урматтуу Кыргыз калкым! Эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген — миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты, мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын. Эми өзүмдүн диагнозумду билемин, менин өмүрүм Кыргыз элимдики, эми мындан да каттуураак иштеймин, үлгүрүш керек», — деп жазган.
Белгилей кетсек, УКМКнын пресс-кызматы Камчыбек Ташиевдин ооруканага түшүп калгандыгын билдирген.