7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо борборуна 10 кызматтык унаа тапшырды

177

Бүгүн, 2025-жылы 21-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна барып, убада кылынган 10 кызматтык автоунааны медициналык кызматкерлерге тапшырды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев аталган борбордун 1995-жылдан бери биринчи жолу жаңыланган аймагын көрүп чыкты. Аянты 4 400 м² болгон тилке толугу менен кайрадан калыбына келтирилген: аймак тазаланып, тегизделип, жаңы асфальт төшөлгөн, жарыктандыргыч орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, жаңыланган аймак кызматкерлер менен бейтаптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камтыйт.

Белгилей кетсек, УЭжБКБ — өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги алдыңкы медициналык борборлордун бири. Бул жерде жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, 15 миңге чейин ар кандай татаалдыктагы операция жасалат, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарыкка келет. Борбор туруктуу түрдө жаңы технологияларды, заманбап диагностика жана дарылоо ыкмаларын киргизип келет.

178