Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара маселесин чечип, достук мамилесин мындан да терең бекемдеп жатканы айрым адамдарга жакпай жатат шекилдүү. Жакында Кемпир-Абад суу сактагычында орун алган окуяны бетке карманышып, жумурткадан кыр издеп, «мына, айтпадык беле, алданып калдык»- деп добулбас каккандар пайда болду. Мына ушул маселенин тегерегинде биз КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен телефон аркылуу байланышып, пикирин уктук.
— Камчыбек Кыдыршаевич, эл арасында «Кемпир-Абад суу сактагычына Өзбекстандын эки катери кирип келип, балык уулагандарды кубалады»- деген сөздөрдү таркатып жаткандар болууда. Келишим боюнча «ээн эркин балык кармай берсек болот, мал сугарсак болот»- деп жатпадыңыздар беле? Келишим аткарылбай жатабы?
— Келишим Өзбекстан тараптан 100 пайыз аткарылып жатат жана мындан ары дагы аткарылат. Маселе өзүбүздө. Мен кечээ эле Өзбекстанга барып келдим. Коллегам менен жолуктум. Чек ара башчысын чакырдык. Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында, чек аранын өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай моменттер болуп, чек араны бузуп өтүшсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп, кайра кетишкен. Бул да болсо мамилелерибиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот.
Мындан сырткары, тор менен балык кармоого Кемпир-Абадда эле эмес, Кыргызстандын баардык көлдөрүндө, суу сактагычтарда, керек болсо дайраларда дагы тыюу салынган. Тор менен балык кармабагыла. Браконьердик кылбагыла. Кайырмак менен мага десеңер суткасы менен жатып алып кармай бергиле. Мал салыңарды кенен кесир сугара бергиле. Эң негизгиси, биздин чек арадан ары өтпөгүлө. Болду, тынч оокатыңарды кыла бергиле. Анан эле өзүбүз мыйзамды бузуп алып, башкаларга шылтоо кылбайлы. «Мындан ары чек араны бузуп өтүп кеткендер болсо — эки тарап тең кадимкидей эле кармап, каттоодон өткөрүп, мыйзам чегинде иш алып баралы, бири-бирибизге дароо кабар берип туралы»- деп сүйлөштүк. Келишим 100 пайыз аткарылат.
Маектешкен Илязбек Балташев