УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдойт. Бул тууралуу Ташиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
“Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар. Менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун”, — деди УКМК башчысы.