7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: «Мелистин суу кечпеген каралоолоруна көңүл бурбайбыз»

333

Чуулгандуу иштерге аралашып, камакта күн кечирип жаткан Мелис Аспеков кечээ КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге арыз жазып, 2020-жылы шайлоо маалында Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алып, Садыр Жапаровго алып барып бергенин жазып,  ошол факт боюнча иш козгоону талап кылды. Бул маселе боюнча Камчыбек Кыдыршаевичтен комментарий алдык.

— Мелис Аспековдун айтканы канчалык негиздүү. Буга УКМК тараптан кандай реакция болот?

Кыргызда бир сөз бар: “Күйгөн аял кошокчу”деген.

Ал өзү кандай кылмыш иши менен камакта жатат билесиңерби? Так ошол Раим сыяктуу ири бизнесмендерден “Садыр Жапаровко алып барып берем”- деп алдамчылык кылып, бүт акчаларды өзүнө ыйгарып алып жүргөн. Ошол үчүн түрмөдө жатат. Бир эле мисал. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдакы башчысы Дашков дегенден 250 миң доллар алып кеткен, “Садыр Жапаровко шайлоого жардам беришибиз керек”- деп. Бирок, аны бир тыйынына чейин өзү ыйгарып алган. Баары далилденген. Ушунун баары билинип калгандан кийин камалып олтурат. Фото, видеолору бар. Бүгүнкү күнгө чейин кайтарып бере элек. Көгөрүп түрмөдө жатат. 250 миң долларды кайтарып берсин, анан түрмөдөн чыгышы мүмкүн. Бул мамлекеттин, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын акчасы. Мындан башка дагы толтура бизнесмендерден 50 мин, 100 мин доллардан акча чогулткан. Алардын баары арыз жазбай коюшту. “Баштан көздөн садага. Ушул акча Мелис Аспековко эле буюрсунчу”деп коюшту.

Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек.  Раим Матраимов миллиондогон долларларды киши куруп калгансып, Мелис аркылуу берет беле?  Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 миллион доллар Мелиске бергени чын болсоанда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. РаимМелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз.

Суроо салган Илязбек Балташев

334