Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Маалыматка караганда, делегация башчылары чек араны делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн Кыргызстандын министрлер кабинети билдирди.