УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Гулистон, Исфара шаарларына барып, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жана бардык күч структуралардын жетекчилери менен жолугушканын билдирди.
“Ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Ошондой эле Баткен облусунун, ички иштер башкармалыгынын башчысы, УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун орун басары жана ички иштер министрдин орун басарынан турган комиссия түздүк. Биз тараптан дагы, Тажик тараптан дагы комиссия түзүлдү. Ок атууну токтотуу боюнча команданы бердик”, — деди УКМКнын төрагасы.
Белгилей кетсек, Ташиев атышуу 1-2 сааттын ичинде толук токтой турганын билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram