Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси каралууда.
Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орто-Токой суу сактагычы тууралуу айтып кетти.
“Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. «Орто-Токой өтүп кетти» деген сөздөрдүн баары калп. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз боюнча калды”, — деди ал.