7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Оштогу мектеп-интернаттын курулуш иштери менен таанышты (ФОТО)

380

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында жаңы курулуп жаткан Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатка барды.

Анда Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, бул мектеп-интернатта чогуу окуган классташтары жана мугалими менен бирге мектеп-интернаттын аймагына бак-дарак тигишти.

Учурда В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты үчүн 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана курулуп жатат. Эки объектинин курулушу иштери 70 пайызга аткарылган. Камчыбек Ташиев бул окуу мекемесинин курулушун келээрки жылга аяктап, пайдаланууга берүү тапшырмасын койгон.

Билим уясында өзүнчө спорт, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлары менен курулууда. Учурда объектиде ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Мектеп 324 млн сомго бааланган. Ал эми 500 орундуу жатакана 4 кабаттан туруп, жатып окуганга бардык шарттар түзүлөт.

Жаңы имарат куруу тапшырмасы президент Садыр Жапаров берип, аны ишке ашырууну Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

Бул Ош шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон балдарды тарбиялаган жалгыз мектеп-интернаты. Терешкова атындагы мектеп-интернаты 1964-жылдан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ага советтик туңгуч космонавт айым Валентина Терешкованын ысымы ыйгарылган.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев ушул мектеп интернатында билим алган.

381