7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги жаңы курулган ипотекалык үйлөрдүн өрт коопсуздугу текшерилди

296

Күн мурун Бишкектеги жаңы курулган ипотекалык турак жайлардын өрт коопсуздугу текшерилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Текшерүү иштери Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын борбордогу Скрябина көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу 7 блоктон турган үйлөрдө жүргүзүлдү.

Анда тапшыруу алдында турган 15 кабаттуу үйлөрдүн комплекстүү өрт өчүрүүчү жана коопсуздук шаймандары, гидранттар, эвакуциялык пландары, кырсык катталганда белги берүүчү үн сигналдары жана иш кагаздары текшерилди. Өрттү көзөмөлдөө кызматынын башчысы белгилегендей, мында унаа кирүүчү жолдору да бардык талапка ылайык салынган.

Белгилей кетсек, бул 7 блоктон турган 15 кабаттуу үйлөр жакында кезекте турган 549 адамга тапшырылат. Ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев текшерүү иштерине өзү катышып, үйлөрдү өрт коопсуздук эрежелерине ылайык салынып жатканын көрсөттү.

297