7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Сузактагы “Жалал-Абад аэропортунун курулуш аянтчасына барып, жеринде текшерди

126

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Сузактагы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулуш аянтчасына барып, иштердин жүрүшүн жеринде текшерди. Ал алгач учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койду.

Ташиев андан соң терминал имаратынын курулушун көрүп чыкты. Жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу терминал саатына 350 жүргүнчүнү тейлей алат. Долбоор этап менен ишке ашууда, учурда экинчи баскычы жүрүп жатат.

Жаңы аэропорт 3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки рулеждик жол жана алты учак токтоочу аянтча менен 4E категориясына ылайык курулууда. Бул болсо Boeing 737, Airbus A320/321 сыяктуу орто жана ири класстагы учактарды кабыл алууга жол ачат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 13-майында капсула салуу аземине президент Садыр Жапаров катышкан. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, аэропорттун курулушу толук бойдон УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө турат.

 

127