Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралууда.
Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болгон жерлердин бир дагы сотых жери Өзбекстанга берилбегенин айтты.
“Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди эске албаганда талаш жерлер бизге өттү. Биз бул жыйынтыкка кылдат, оор сүйлөшүүнүн негизинде жетиштик деп айта алам. Буга чейин бир дагы өкмөт, мамлекет башчы Кемпир-Абаддын сол жээгинен кеткен каналды “куруп бересиң” же “компенсация бересиң” деп сурай алган эмес. Сураса дагы эч нерсе ала алган эмес. Биз ушуга жетиштик. Башында өзбек тарап “сол жээктеги каналга акчалай компенсация берели дешти. Бирок финансылык компенсация албай турганыбызды билдирип, жер ала турганыбызды айттык. Анын негизинде Гавасайды алып отурабыз”, — деди ал.