Бүгүн, 23-февралда УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев УКМК «Альфа» атайын кызматына барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
Иш сапарынын жүрүшүндө, УКМКнын «Альфа» атайын кызматында Камчыбек Ташиев бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Иш-чаранын акырында, Ташиев дагы бир жолу УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын жалпы өздүк курамын куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кызматында ийгиликтерди каалады.