Бүгүн, 29-январда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев менен жолугушуу өткөрдү.
Алгач, Камчыбек Ташиев Уларбек Шаршеевди жаңы кызмат орду менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.
Төрага регионалдык жана стратегиялык жактан маанилүү 10 мамлекетти бириктирген Шанхай Кызматташтык Уюмунун Антитеррордук түзүмү мамлекеттер аралык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү орунда экенин белгилеп, бул багыттагы максаттуу иш-аракеттерди жетекчи катары Уларбек Шаршеев жогорку деңгээлде аткаруусуна ишеним билдирди.
“Баарыбыздын алдыбызга коюлган бир эле тапшырма, бул аймактар аралык коопсуздукту камсыз кылуу! Шанхай Кызматташтык Уюмунун Антитеррордук түзүмү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, бекемдөөдө маанилүү болуп саналат. Сиздин көп жылдык тажрыйбаңыз бар, андыктан алдыда жакшы жыйынтыктарды көрсөтөөрүңүзгө ишенебиз. Биз тараптан кандай колдоо керек болсо, жардам берүүгө даярбыз”- деп белгиледи Ташиев.
Өз кезегинде Уларбек Шаршеев ишеними жана колдоосу үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, алдыда өлкөлөр ортосундагы ишенимди жана координацияны чыңдоого өбөлгө боло турчу ШКУнун алкагында биргелешкен машыгуулар жана бир катар иш-чаралар өтөөрүн маалымдап, өлкөлөр ортосундагы Эл аралык кызматташтыкты бекемдөөдө өз тажрыйбасын жана болгон күч аракетин жумшаарын баса белгиледи.