7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Жаңы-Арыктагы мечиттин ачылышына катышты

428

Муфтий Абдулазиз Закиров Кара-Суудагы реконструкция болгон «Азатбек ажы» мечитинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Күн мурун муфтий Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы реконструкциялоодон өткөн «Азатбек ажы» мечитинин ачылыш аземине катышып, келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды Курман айт майрамы менен куттуктап,  жума баянында курмандык чалуу темасында баяндама жасады.

Мечит реконструкция болгонго чейин 350 адамга гана ылайыктуу болгон болсо, бүгүн сыйымдуулугу 1000 адамга жеткен заманбап мечитке айланды. «Азатбек ажы» мечити Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Бул болсо, жергиликтүүлөрдөн сырткары, жүргүнчулөр үчүн да ыңгайлуулук жаратат. Мечиттин бир бөлүгүндө аялдар үчүн каралган намазкана да жайгашкан. Курулуш иштери толугу менен Равшан Сабиров тарабынан каржыланган.

Саамалыкка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын соңунда «Анаркан ажы эне» ислам окуу борборунун курулушуна капсула салуу жөрөлгөсү аткарылып, мамлекет, эл үчүн бата кылынды.

429