7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алдамчылык менен акча алган депутат кармалды

353

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты М.у А. 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.

Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 2025-жылдын 17-мартында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

УКМК жарандарды сак болууга жана мыйзамда каралган чаралар көрүлүүсү үчүн мындай окуялар боюнча тез арада укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

354