Чек арадан баңгизат алып өтүү учурунда Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.
Тактап айтканда, 1997-жылы туулган Өзбекстандын жараны Кыргызстандан Өзбекстандын аймагына мамлекеттик чек аранын начар корголгон участоктору аркылуу баңгизаттарды ташуунун туруктуу каналын уюштургандыгы аныкталды. Ошентип, кезектеги 1 кг «гашиш» баңгизатын өткөрүп берүү аракетинде кармалды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.