Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Япониянын IM Japan компаниясынын президенти Ёсихиса Кимура менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу учурунда тараптар эмгек миграциясы жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын талкуулап, мурда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга берилгендиктерин ырасташты.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын жарандарын Японияда ишке орноштурууга даярдоо жана жөнөтүү механизмдерин өркүндөтүүгө бурулду. Анын ичинде алдын ала тил жана кесиптик даярдыктын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.
Ошондой эле IM Japan ишке ашырып жаткан программаларга кыргызстандыктарды кеңири тартуу жана жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы келечекте ишке ашырылышы мүмкүн болгон жаңы демилгелер боюнча пикир алмашылды, атап айтканда:
- билим берүү программаларын өнүктүрүү;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- салттуу тармактардан тышкары кызматташтык чөйрөлөрүн кеңейтүү.
Министр Сагынбаев IM Japan жетекчилигине кыргыз тарап менен түз диалогго болгон кызыгуусу жана умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө ачык экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде IM Japan компаниясынын президенти кыргызстандык жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.