7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кантта баңгизат сатууга шектелип 22 жана 25 жаштагы кыздар кармалды

419

Кант шаарында өзгөчө ири өлчөмдө психотроптук заттарды жеткирүү жана сатуу менен аракеттенген деген шек менен эки кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кантта Хонда Фит унаасы менен жүргүнчү катары кетип бара жаткан 2002 жана 1999-жылы туулган 2 шектүү кармалган.  Унааны тинтүүдө унаанын арткы отургучунан куту табылган, анын ичинде ак түстөгү порошок кристаллдуу эки брикет болгон.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине менен катталган.  Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар «мефедрон» психотроптук зат экени аныкталган.

Мындан тышкары, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизатын таразага тартуу жана таңып салуу үчүн каражат алынган. Бул айыпталуучулардын психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу ниетин билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш ишке ашса, 6 миллион 500 миң сомдун тегерегинде акча табышмак. Ыкчам аракеттердин натыйжасында «мефедрон» психотроптук затынын өлкө аймагында бир жолку 6 миңден ашык дозасынын таралышынын алдын алынган.

 

420