Кант шаарында «Кант-Курулуш» заводунун аймагында жайгашкан ишканадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык саат 07:56да «Газпром» нефтебазадан 1, жалпы өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Кошумча маалымат берилет.