7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каптагаев: Селдечендер басып кирбейт, бирок Орусия «бөө келетат»-деп коркутат

2710
Ооганстандагы акыркы абал, коомчулукта кызуу талкуу ажаратып, бир катар өлкөлөрдү сестендирип турат. Айрыкча Орто Азия мамлекеттери чек араларың чыңдап, ар кандай учурга даяр болушу керектигин, саясатчы эксперттер эскертүүдө.
 ЖКнын мурдагы депутаты, саясатчы  Эмилбек Каптагаев Талиб кыймылынын бийликке келиши, ар бир өлкөнүн ичиндеги, майда күчтөрдү шердендирип, башаламандыкка жол ачуусу мүмкүн дейт.
«Менин жеке оюм. Пулемет көтөргөн селде-дамбалчандар басып кирип келбейт, бирок Орусия аларды көрсөтүп «бөө келтат» деп бизди коркутуп, кысым көрсөтүп, биратоло чүлүктөп жетелеп алуу аракетин кылат.Бирок, талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунуч болуп калганы чындык. Анткени «талиб» вирусу жуккан, аны менен ооругандар арабызда толтура, ар бир айыл, ар бир шаарда бар. Афган талиблеринин күч алуусу бул жакка жигер берет, шыктандырат, дүрбөтөт. Кайсы бир шарттарда алар баш көтөрүп, бир агымга биригип, нугунан чыккан суудай каптап кетүүсү толук ыктымал. Бул реалдуулукту жадыбыздан чыгарууга болбойт«- деп жазат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2711