7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каптагаев: “Жыргалаң” курорту чынында эле көз көрүп кубангандай кайра курулуптур

2

«Жыргалаң санаториясында жүрөм деп жаздым эле кечеги күнү. Бир жума мурда келгенбиз, жакшы курулду, шарты жакшы болуп калды дегенди угуп. Чынында эле көргөн көз кубангандай болуп кайра курулуптур, имараттар бүтүндөй жаңы, ички-тышкы шарттары жакшы, дарыланып, эс алып жүргөндөр көп”, — дейт Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына.

Анын айтымында, “Жыргалаң” курорту кайра жаралгандай жаңыланган.

(Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди)

Жыргалаң мурдатадан белгилүү жер, бул жердеги ысык суу менен кара баткактын дарылык касиетин билгебен киши жок. Учурунда «Жыргалаң» курорту деп атагы СССРдин булуң-бурчуна чейин жеткен. Совет доорунун шарты боюнча курорттор Профсоюз уюмуна таандык кылып берилчү, анткени эмгекчилердин эмгегин коргоо, алардын эс алуусун камсыз кылуу ошол уюмга жүктөлүп, Өкмөт болсо атайын бюджеттен акча каражатын бөлүп дагы берчү. Кыргызстандагы белгилүү Жалал-Абад, Ысык-Ата, Жети-Өгүз, Көгүлтүр Ысык-Көл курорттору дагы Профсоюз уюмуна тиешелүү болуп турду. Чынында Советтик доор бүткөндөн кийин Профсоюздардын мындай курортторду кармап турууга, аларды замандын талабына жараша оңдоп түзөөгө чама-чаркы келбей калды. Анын үстүнө бул уюм ичинен ирип, өз ара талаш-тартыш, соттошуулардан баштары чыкпай дагы калды. Мындай жагдайдын кесепети элге тийди, курорттук жайлардын бардыгы каралбай калды, эскирди, сынды, талкаланды. Мындан бир топ жыл мурда «Ысык-Ата» курортуна барып калып зээним ушунча кейиди эле, карасаң кадимки эле Ата Мекендик согуштун учурундагы Сталинград, имараттардын көбү бомба түшкөндөй болуп кыйрап калган. Ошончолукка барбаса дагы «Жыргалаң» курортунун абалы деле өтө начар эле. Он жыл мурда облустук комиссиянын чечими менен бул курорттун иши токтотулган. Бирок эл деген эл, баягы эле көнгөн ысык-сууга түшөбүз деп келе беришчү. Ал эми курорттун жетекчилиги ошол келген элден түшкөн акчага курсант болуп жүрө беришчү. Мындан он жыл илгери облуста губернатор болуп иштеп туруп Профсоюздардын төбөлдөрүнө сунуш киргизгем, ушул «Жыргалаң» курортун Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кайра куруп чыгалы, Караколдогу лыжы базасы менен бирге өтө сонун туристтик жай болуп калат эле, күндүз лыжа тепкендер кечкисин ушул Жыргалаңдын ысык суусуна түшүп эс алуу керемет болуп калат эле деп. Болушпады.

Эми мына «Жыргалаң» курортунун багы ачылыптыр, курорт аныгында эле курорт дегендей жаркырап курулуптур. Профсоюздарга тиешелүү болуп бирок каралбай калган курорттордун бардыгын өз колуна алып эл үчүн иштей турган заманбап курортторго айланталы деген демилге көтөргөн, өз демилгесинин өтөөсүнө чыгып татынакай эс алуу жана дарылануу жайын жаратып койгон Президенттин Иш башкармалыгына ыраазычылык. Куруп коюу бир тең, ал эми курулган жайды иштетүү бир тең эмеспи. Бир жумадан бери карап отуруп бул жактын администрациясына дагы ыраазы болдум, тейлөөнүн деңгээли жакшы, тазалык-тартип жайында, кызматкерлердин бардыгы сылык, илбериңки. Ашканада бир маалда 300 дөн ашуун киши тамактанат экен, тейлөө жакшы, 30-40 мүнөттө тамактануу бүтөт, тамак-аштын сапаты дагы жакшы. Ушул калыбында чет элдиктер келип деле эс алып, дарыланса болчудай деп ойлоп койдум.

Төмөнкү сүрөттө менин оң ыптамда отурган Майчы ава, жашы 88 де экен, Токтогулдан келиптир, сол ыптамдагы Жуманаалы ава, Түптөн экен. Ушундай аксакалдар менен байбичелер ыраазы болушуп баталарын берип жатышат, баталары кабыл болсун!

3