Бүгүн техникаларга кароо профилактикалык иштери жүргүзүлүп, 23-февраль күнү атайын аткылоо иш-чарасы Төө-Ашуу тарапта улантылат.
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайын аткылап түшүрүү иш-чаралары Чычкан капчыгайында жүргүзүлгөн.
Анда ӨКМдин ыкчам тобу, ӨКМнин артиллериялык эсеби жана башка тийиштүү кызматтар Бишкек – Ош унаа жолунун 247-255-246-чакырымдарында кар көчкүлөрүн атайын аткылап түшүрүү иш-чарасын өткөрүп, натыйжада жалпы 625 миң 730 м3 кар көчкү түшүп, унаа жолуна жеткен жок.