7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балта шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

323

УКМК Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшеновдун кармалышы боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө караганда, шаардык кеңештин кызмат адамдары Кытайдан 17 автобусту кымбат баада сатып алгандыктан бюджетке 17 миллион сом зыян келтирилген. Эске салсак, 30-июнда мэр менен кошо Жол курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалган.

Кара-Балта мэриясына бөлүнгөн 1 миллиард сом кайда сарпталганына анализ жүргүзүү учурунда жол оңдогон подрядчы компаниялардын биринин жетекчиси УКМКны каралоого аракет кылганы айтылды. Ал мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жөнүндө чагымчыл видеолорду жарыялап, опузалоо үчүн блогерлерди жалдаган. Мындан улам эки блогер менен подрядчы УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда шаарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун мыйзамдуу пайдаланылышы текшерилип жатат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

324