Кара-Балтага «Кыргыз-Кытай индустриалдык-технологиялык паркын» түзүү пландалууда. Өнөр жай паркын куруу үчүн «Бишкек ЭЭА» мекемеси Кара-Балтадагы участкасынан 53 гектар жер бөлүнөрүн кабарлайт.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев, Кытайлык «Центральный Девелопмент Компани» ЖЧКнын башкы директору Юэ Хефу жана Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров кызматташуу жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө меморандумга бүгүн, 14-май кол коюшкан.
Заманбап Промтехнопарк чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аймактык, илимий-технологиялык, инновациялык жана техникалык базага айланат.
Ошондой Ата-Мекендик кооперативдик ишканаларды тузүп, өндүрүштөрдүн кампа терминалдарын, логистикалык түйүндөрүн жайгаштырууга аянтча болот. Бул аянтча Кытайлык «Центральный Девелопмент Компани» ишканасы менен биргеликте түзүлүп жаткандыктан негизги колдонуучулар Кытайлык ишкерлер болот.
Промтехнопарктын аймагында төмөндөгүдөй иш аракеттер аткарылат:
- экспортко багытталган өнөр жай, инновациялык жана технологиялык продукцияны өндүрүү, кайра иштетүү;
- Ата-Мекендик өндүрүштү, айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын ташуу (импорттоо), сактоо, сатууну уюштуруу;
- айыл чарба, өнөр жай, маалыматтык технологиялар жана инновация чөйрөсүндө ар кандай кызматтарды көрсөтүү;
- жаңы технологияларды иштеп чыгуу;
- лабораториялык анализдер;
- Промтехнопарктын резиденттеринин кызыкчылыктары менен аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрү.