Бүгүн, 3-март күнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз маалымдады.
Анда ИИМдин ички аскерлеринин аскер кызматкерлери Туу көтөрүү иш-чарасына катышып, желектин мамлекет үчүн орду чоң экенин даңазалашты.
Салтанаттуу иш-чарага калаанын биринчи вице-мэри катышып, Туунун жаралуу тарыхына токтолуп, куттуктоо сөзүн айтты. Ошол эле учурда бул күн патриоттуулукка үндөй турганын айтып, жаштарды мекенин сүйүүгө чакырды.