7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көл шаарынын экс-мэри кармалды

608

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча К.Б. ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөн.

Натыйжада мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кеткендиги, ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылгандыгы, буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келишкендиги аныкталган.

Мындан тышкары, E.И.M. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

609