7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ливанда пейджерлердин жарылуусунан 11 адам каза болду

298

Ливанда пейджерлердин массалык жарылуусунан жабыркагандардын саны 4 миңге, каза болгондордун саны 11ге жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди

БУУ жарылууну айыптап, муну “абдан кооптондурган эскалация” деп атады.

ЖМКлар Израилдин “Моссад” чалгын кызматы Тайвандагы “Хезболла” кыймылынын буйругу менен алынган 5 миң пейжерге 3 граммдан жардыргыч зат койгонун жазышууда. Билдирүү менен код келип, бир эле учурда 3 миң пейджер жарылганы айтылат.

“Хезболла” пейджерлерди хакерликке жана тыңшоого эң аз дуушар болгон жабык байланыш системасы катары колдонот. Ливан чабуулга Израилди айыптоодо.

Axios басылмасы пейджерлердин жарылуу операциясы Биньямин Нетаньяхунун макулдугу менен жүргүзүлгөнүн жазды. АКШ бийлиги бул окуяга тиешеси жоктугун билдирди.

299