Жети-Өгүздө зордукталган 9 жаштагы кыз Бишкекте медициналык кароодон өтүп жатат. Окуя эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин көзөмөлүндө.
Аймактык башкармалыктын кызматкерлери кызды жана үй-бүлөнү экспертизадан жана тергөөнүн башка этаптарынан өтүүдө коштоп жүрүшөт. Кызга жана үй-бүлөгө психологиялык, медициналык, юридикалык жардам көрсөтүлдү.