7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көл ШИИБдин башчысы кармалды

502

Кара-Көл ШИИБдин башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Н.А.А.ны кармады.

Такталган маалыматка караганда, Н.А.А. 2020-жылдын декабрында Жалал-Абад облусунун ИИБ боюнча Жол кайгуул кызматы тарабынан кармалган. Ал Россиянын аймагында уурдалган деп саналган «Toyota Land Cruiser 200» үлгүсүндөгү унааны жасалма документтер менен кызыкдар адамдарга берген.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Ош—Бишкек жолунда ЖКККБ токтоткон «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номуру жасалма болуп чыккандыгы маалымдалган.

Жалал-Абад облусунун ЖКККБнын маалыматына ылайык, 12-декабрь түнү саат 22:00 чамасында Кара-Көл шаардык ЖКККБнын кенже инспектору Т.Темирбаев Ош—Бишкек унаа жолунда №30 жол тейлөө ишканасынын постунун жанынан Россия Федерациясына караштуу «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру O 439 OM 98) автоунааны токтоткон. Ош багытын көздөй бараткан унааны текшерген учурда автоунаанын мамлекеттик номуру жасалма экени такталган.

«Себеби, автоунаанын өздүк мамлекеттик белгиси Кыргызстандыкы (01 KG 411 AAH) болуп чыккан. Өз учурунда автоунаанын айдоочусу өздүгүн тастыктоочу документтерин берүүдөн баш тарткан.

Аталган факт боюнча тийиштүү материалдар чогулуп, Жоруктар жөнүндө кодексинин негизинде «Транспорттук каражатын идентификациялык номурун жасалмалоо же жок кылуу» беренеси менен Кара-Көл ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, автоунаа атайын айып короого коюлду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдирди аталган бөлүмдөн.

503