7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көлдөгү билим берүү мекемесинде 2 диплом мыйзамсыз берилген

635

Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы билим берүү мекемесинде текшерүү жүргүзүлүп, 2 диплом мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуу жайдын жооптуу кызмат адамдары студенттерден пайда табуу максатын көздөп, ич ара сүйлөшүү жолу менен расмий документтерге жасалма, жалган маалыматтарды киргизип кызматтык жасалмачылык жасаган фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, 2021-2022 окуу жылына карата жаңы абитуриенттерди кабыл алуу учурунда, эки абитуриент Бишкек шаарындагы университеттердин биринде күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери болгондугуна карабастан, кесиптик лицейдин 10 айлык мөөнөттөгү “Чарбак ээси” кесиби боюнча күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенти катары лицейдин жетекчисинин буйругу менен кабыл алынышкан.

Андан кийин, окуу жайдын жооптуу кызматкерлери ич ара жең ичинен сүйлөшүү жолу менен кызматтын кызыкчылыктарына каршы келген аракеттерге барып, расмий документтерге билип туруп жалган, жасалма маалыматтарды киргизишкен.

Жыйынтыгында, ушул жылдын 15-июлундагы белгиленген окуу жайдын сынак комиссиясынын чечими менен эки жаранга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Чарбак ээси” кесиби боюнча күндүзгү окуу бөлүмүн окуп аяктаган деген мамлекеттик үлгүдөгү мыйзамсыз 2 диплом берилгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636