7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көлдө коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

305

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучуларына коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тартип сакчылары өспүрүмдөрдү жеке гигиеналык эрежелерди сактоого жана тазалыкка үндөп жатышат.

Мындан сыркары кылмыштуулуктан алыс болууга, мыкты билим жана тарбия алуу менен келечекте кесипкөй адис болууга чакырышууда. Ошондой эле күн суук мезгилдерде жолдо жүргөн учурда этияттык менен акырын басуу жана жол эрежелерин так сактоо керектиги жеткирилди.

«Шаар аймагындагы коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталуусу тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте көзөмөлгө алынып жатат. Атайын түзүлгөн топ тарабынан санитардык нормаларды сактабаган жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Ошондой эле оорунун жайылуусуна бөгөт коюу үчүн ар бирибиз жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектиги айтылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

306