Кара-Кулжа районунда жол кырсыктан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 24-май күнү саат 00:22 чамасында Кашка-Жол айыл аймагынын Таш-Кыя тилкесинде “Матиз-3” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу, рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен. Натыйжада 3 эркек адам оор жаракат алышкан. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Эскерте кетсек, ӨКМнин №66 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнун куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.