7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Кулжада 25 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

293

Кара-Кулжа районунда 25 млн сомдук 50 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу болгон жалпы 50 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз дыйкан чарбанын менчигине бекитилип берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, тийиштүү соттук акты менен толук канааттандырылган.

Жыйынтыгында 25 млн 50 миң 750 сомдук 50 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

294