7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары тургандан 4 миң доллар талап кылган

546

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары жергиликтүү тургундан коркутуу жолу менен акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.

Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

547