14-июнда Ош облусунун Кара-Суу шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан»компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1975-жылы ишке берилген Ленин көчөсүндө жайгашкан жапкыч крандарын алмаштырууга байланыштуу 14-июнда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кара-Суу шаарында убактылуу жаратылыш газын берүү токтотулат.
Белгилей кетсек, жапкыч крандары газдын агымын жөнгө салуу үчүн колдонулат.