Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы «Нур-Ислам» мечитинин имам-хатиби Кубанычбек ажы Токтосунов жергиликтүү жамаат менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, 100 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.
Ар бир баштыкчасында эт, ун, май, макарон, күрүч жана башка тамак-аш үчүн керектелүүчү азыктар салынды. Бир баштыкча 2200 сомго даярдалып, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 220 миң сомду түздү.
Иш-чарага Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов катышып, Ыйык Рамазан айында кайрымдуулук иштерин уюштургандарга ыраазычылык билдирди.
Аталган жардам баштыкчаларын муктаж үй-бүлөлөргө жеткирүү үчүн 3 жүк ташуучу автоунаа кызмат көрсөттү.