7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда 2 кишини атып кетишти. Шектүүлөр изделүүдө

877

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда эки киши октон жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-январь күнү Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жараат алып Ош шаардык бейтапканага түшкөндүгү кабарланган.

Аталган маалымат, Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, ошол эле күнү саат 19:15 чамасында, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине өздүгү аныкталбаган жаштары 30-35 чамасындагы белгисиз ок атуучу куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийишкен белгисиз жарандар “Мересед-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү автоуна менен келишип, үйдүн короосуна киришип, аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн “Тайота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран бейтапканага барып кайрылышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголгон. 

Бул окуя боюнча милиция тарабынан атайын операциялары киргизилип, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иш чаралар жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында 27-январь күнү саат 23:21 чамасында, “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү жети орундуу автоунаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган.

Учурда изин жашырып качып кетишкен ок атышкан белгисиз атуулдарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878