7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда 57 жаштагы күйөөсүн бычактап өлтүргөн 41 жаштагы аял камалды

1346

Күйөсүн бычактап өлтүргөн 41 жаштагы аял сотко чейин бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул эле жылдын 09-декабрында саат 19:40та Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 57 жаштагы тургунун өзүнүн аялы тарабынан бычакталып, натыйжада М.А алган жараатынан улам ошол эле жерде каза болгон.

Кара-Суу РИИБдин жана райондук прокуратуранын жетекчилиги баш болгон ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жайга барып текшерүү иштери жүргүзүшкөн. Жубайлар Кара-Суу районундагы Шарк айылынын тургундары экени аныкталып, алар спирт ичимдиктерин ичип отурушуп экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралган. Аялы ошол эле жердеги ашкана бычагы менен күйөөсүн көкүрөк тушка бир жолу сайган. Маркум алган жараатынан улам өзүнүн үйүндө жан берген.

«Аталган факты боюнча КР жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, маркумдун жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дыйындалган. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1347