Руслан Казакбаев Панфилов мектеп-интернатынын балдарына белектерди тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-декабрда К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына жардам көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акциясы болуп өттү.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мектеп-интернаттын окуучуларын жана анын окутуучу курамын келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап, аларга чыӊ ден соолук жана жаркын маанай каалады.
ТИМдин башчысы жаӊы жылдык белектерди, аны менен кошо 4 ноутбук, 1 принтерди жана жаӊы жылдык таттууларды балдарга тапшырды. Бул кайрымдуулук акциясы Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана ошондой эле «Prodigy» компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Давут Байрамдын каржылоосу менен ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, азыркы убакта Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатында 221 бала бар.