7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда айыл өкмөттүн кызматкерлери 2 млн 400 миң сомду мыйзамсыз иштеткен деп айыпталууда

131

Кара-Сууда айыл өкмөттүн кызматкерлери 2 млн 400 миң сомду мыйзамсыз иштеткен деп айыпталууда.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ош областынын Кара-Суу районунун Ынтымак (мурдагы Кызыл-Суу) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери 2023-жылдын февралынан баштап 2024-жылдын январына чейинки мезгилде айыл өкмөттүн кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 2 млн 402 миң 877 сомдук акча каражатты мыйзамсыз которушуп, өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланышып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө Кара-Суу РИИБнин Тергөө кызматына тапшырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

132