7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда бир нече мектепке компьютер жана телевизорлор тапшырылды

16

Бүгүн Кара-Суу районундагы 6 мектепке компьютер, телевизор жана мектеп эмеректерине сертификаттарды тапшырылды.

Тапшыруу аземи бүгүн, 15-октябрь Кара-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында болду. Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, төмөнкү мектептерге заманбап окуу куралдарын тапшырды:

  • М. Тешебаев атындагы №9 мектепке – 8 даана компьютер;
  • К. Зулпиев атындагы №55 мектепке – 5 даана компьютер;
  • С. Аристанбеков атындагы №47 мектепке – 5 даана компьютер;
  • Курманжан Датка атындагы №86 мектепке – 3 класс комплект эмерек жана 2 телевизор;
  • А. Эшматов атындагы №82 мектепке – 3 класс комплект эмерек;
  • А. Шеркулов атындагы №74 мектеп – 2 класс комплект эмерек.

Ошондой эле министр “Наристе-Нуру”, “Маданият-Бүчүр”, “Мөлтүр-Тамчы”, “Бумайрам эне” жана “Ак-Чөлмөк” бала бакчаларына телевизорго сертификат берди.

Мындан тышкары, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар мугалимге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйлады.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, мугалимдер, мектеп директорлору жана бала бакчалардын жетекчилери катышты.

17