7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас облусу менен Япония кызматташтык меморандумуна кол коюшту

343

Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана Кыргыз-Жапон адамды өнүктүрүү борборунун тең төрагасы Шинья Танака эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Джумаев билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтык соңку жылдары жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилешти.

Ошондой эле мындан ары бул өнөктөштүк мамиле айыл чарба, жаңы технологиялар, маалыматтык технологиялар (IT), спорт жана маданият тармактарында тереңдетилип, Талас облусунда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылары айтылды.

Эрмат Джумаев өз сөзүндө, мындай кызматташуу Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи. Ал эми Шинья Танака мырза Япония тараптан да аймактык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, эки элдин достук мамилеси мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдирди.

344