7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда боор жана бөйрөк алмаштыруу борбору ачылат

666

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушууда Ош облусунун жана бүткүл Кыргыз Республикасынын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү учур болуп кала турган Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөк алмаштыруу борборун ачуу жолдору талкууланды. Борбор боор жана бөйрөк ооруларын алдын алуу, профилактикалоо жана трансплантациялоого сапаттуу медициналык кызматты жеткиликтүү баада көрсөтүүгө адистешет.

Бул ачылыш ошондой эле башка чет өлкөлөрдөн келген бейтаптарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүп, жергиликтүү медицина кызматкерлерине тажрыйба жана атайын билимдер менен алмашууга шарт түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667