Кара-Суу районундагы «Самара» соода базарында контейнерден жасалган 2 кабаттуу ашкана түндө толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлайт.
«8-май кунү саат 21:09 чамасында Кара-Суу районунун Ленин көчөсүндөгү “Самара” соода базарында жайгашкан аянты 28 чарчы метр болгон эки кабаттуу контейнерден жасалган ашкана толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда»-деп билдирет.