2-март күнү саат 18:28 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында мектеп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Султанов көчөсүндөгү №42 орто мектебинин жыгач устундуу шифер жабылган 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, саат 20:15те өрт толугу менен өчүрүүлгөн.Учурда өрттүн себеби такталууда.