Кара-Сууда тоноого шектелгендер кармалганын Ош ОИИБден билдирди.
13-январь күнү милицияга 48 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда 2009-жылкы эгиз балдар Кара-Суудан Ош шаарына бараткан учурда РОСО М5 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун белгисиз атуулдар тартып алып койгондугун билдирген.
Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 2004-жылкы 2 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.