7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда жаран 2 кг баңгизат менен кармалды

705

Кара-Суу районунун аймагында 2 кг баңгизат менен 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-августта Ош шаарынын тургуну К.И.нин башкаруусундагы унааны тинтүү учурунда алдыңкы орундуктан 1 кг 936 грамм «гашиш» баңгизаты табылган.

Кылмышка шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 18-августта шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706